Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Ассоциация: Жеке бала бакчалар тыюуга карабай ачылат, чара көрүлсө нааразылыкка чыгат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Балдарга билим берүү уюмдарынын ассоциациясы жеке менчик бала бакчалардын иштешине уруксат берүүнү талап кылган кайрылуу таратты. Президентке, парламентке жана өкмөткө багытталган бул кайрылууда 25-майдан тартып дээрлик бардык тармактарда иш жанданып, элдин баары жумушка чыкканы, ата-энелер майда балдарын кимге калтырарын билбей убара тартып жатканы жазылганын "Азаттык" радиосуна ассоциациянын жетекчиси Элмира Каримова билдирди.

Ассоциация буга чейин эки жолу кайрылганын, бул жолу уруксат берилбесе да ишти баштоого мажбур болорун жазды. Кайрылууда көпчүлүк жеке менчик бала бакчалар эч нерсеге карабастан, 1-июндан тартып ачылары жана эгер аларга чара көрүлө турган болсо алар Өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыгууга даяр экени белгиленди.

Расмий органдардан азырынча бул кайрылууга жооп боло элек.

Вирустун жайылышынын алдын алуу максатында баш калаада азыр өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Мекеме-ишканалар, мектептер сыяктуу эле бала бакчалардын да бардык түрлөрү убактылуу жабылган. Өкмөт 1-майдан тартып мекеме-ишканалардын ишине баскыч-баскыч менен уруксат берип келатат.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 30-апрелде онлайн брифингде июнь айына чейин кайсы бала бакча ачылса, ага карата чара көрүлөрүн, лицензиясы жоюларын айткан.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда миңден ашуун бала бакча бар, алардын 80ге жакыны - жеке менчик. Бала бакчаларда жалпысынан 152 миң бала тарбияланат.

18-марттан 25-майга чейин Кыргызстанда коронавирус 1433 адамдан табылды, 992 бейтап айыгып кетти, 16сы каза болду.

Вирус жуккандардын эң көбү Бишкекте – 401 адам. (RK)

XS
SM
MD
LG