Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Касым-Жомарт Токаев тынч жыйындар тууралуу мыйзамга кол койду


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 25-майда тынч жыйындарга чогулуу тууралуу мыйзамга кол койду. Ал мындан президент болуп шайлангандан бери эле митингдер тууралуу мыйзамдарды кайра карап чыгып, жакшыртууга бир канча жолу убада берип келген.

Казак парламенти бул документти өлкөдө өзгөчө абал өкүм сүрүп турган кезде талкуулап, кабыл алды. Бир катар жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары жана жарандык активисттер мыйзам долбоорун «эл аралык стандарттарга туура келбейт», «чектөөлөр көп» деп сындап чыгышкан. Ошол эле учурда коронавирустан улам эл үйүндө отурган кыйчалыш учурда кабыл алынганы да нааразылык жаратып, активисттер талкууну кийинкиге жылдырууну бийликтен өтүнүшкөн.

Казакстанда кийинки жылдары өкмөткө каршы бир катар нааразылык акциялары өттү жана ал ондогон адамдын камалышы, көчөгө чыккандардын кууп таратылышы, соттук жараяндар менен аяктады.

XS
SM
MD
LG