Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Өзбек элчилиги Самарада чек арада калган мигранттар алынып кетпей турганын билдирди


Орус-казак чек арасында топтолгон мигранттар. 15-май, 2020-жыл
Орус-казак чек арасында топтолгон мигранттар. 15-май, 2020-жыл

Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги Самара облусунда орус-казак чек арасында топтолуп турган өзбекстандык мигранттар үчүн азырынча автобус да, учак да уюштурулбай турганын билдирди. Элчилик мекендештерин Самарада калып иштей берүүгө чакырды жана облустук бийлик аларга жумуш таап бере аларын кабарлады. «Азаттыктын» өзбек кызматы мындай сунушка 20дай гана адам көнгөнүн жазды.

Расмий маалымат боюнча, ушул тушта Самарада чек арада 280дей өзбекстандык мигрант топтолуп турат жана алардын басымдуу бөлүгү коронавирус пандемиясынан улам ишсиз калган. Буга чейин өзбек бийлиги Самарадан 1200 жаранын автобус менен алып кеткен.

Буга чейин Оренбург облусунда орус-казак чек арасында кыргызстандык жана өзбекстандык жүздөгөн мигранттар топтолгон жана бир канча жума чатырларда жашап, бийликтен мекенине алып кетүүнү талап кылышкан. Соңунда Казакстан чек арасын ачып, алар үчүн автобус жана чартердик каттамдар уюштурулган.

XS
SM
MD
LG