Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Түркияда Ван кыргыздары коронавирустан дарыланууда


Ван аймагындагы Улуу Памир айылынын чети.
Ван аймагындагы Улуу Памир айылынын чети.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Түркиянын борбору Анкарада жашаган Ван кыргыздарынан Бүнямин Токер билдирди:

«Мен 10 күндөй ооруканада коронавирустан дарыланып чыктым. Азыр үйдө карантиндемин. Менден ата-энеме жугуптур. Алар учурда ооруканада жатышат. «Сакайгандан кийин чыгарат» дешти».

Жалпысынан Анкара шаарында жети Ван кыргызынан коронавирус тести оң чыгып, алар учурда дарыланууда.

Түркиянын Ван аймагына кыргыздар 1982-жылы Ооганстандан көчүп барышкан. Улуу Памир айылында эки миңге жакын кыргыз жашайт. Ал эми Стамбул, Анкара, Малатия жана Йозгат аймактарында беш миңден ашык вандык кыргыз бар.

Түркияда коронавирус жугузуп алгандардын саны 157 миң кишиге жетти. Өлгөндөрдүн саны 4340 киши болду. (ElB)

XS
SM
MD
LG