Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:15

Чаткал районунун акими алмашты


Чаткал району.

Жалал-Абаддын Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев кызматынан бошотулду.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов аким берген арызына ылайык кызматынан алынганын «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Чаткал райондук администрациясынын башчысы болуп Жуманалы Накетаев дайындалды. Накетаев буга чейин акимдин биринчи орун басары болуп иштечү. Жаңы дайындалган акимди өкмөттүн өкүлү бүгүн, 26-майда жамаатка тааныштырат.

Канжарбек Эшалиев районду 2013-жылдын июнь айынан бери жетектеп келаткан. (RsK)

XS
SM
MD
LG