Нарын облусунда катуу шамалдын кесепетинин материалдык чыгымы эсептелүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, Ак-Талаа районунда 25-майдын кечинде ылдамдыгы болжол менен секундасына 20 метрге жеткен шамал Баетов айылындагы эки дүкөндүн жана бир ашкананын чатырын учуруп кетти.
Ат-Башы районунда ушул эле күнү ылдамдыгы секундасына дээрлик 25-27 метрге жеткен шамал болду.
Шамалдын кесепетинен Ак-Жар айылындагы маданият үйүнүн 192 чарчы метр чатыры жана бир короодогу сарайдын 72 чарчы метр чатыры учуп кетти.
ӨКМ билдиргендей, 26-май күнү кошумча тактоо иштери жүрүп жатат.
Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок. (RK)