Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:46

Кыргызстандык 50 келинди Өзбекстан кабыл алды


Кыргызстандан Өзбекстанга барган аялдар.
Кыргызстандан Өзбекстанга барган аялдар.

Ошто «Достук» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетинен өтө албай жаткан, Өзбекстанга турмушка чыккан 50 кыргызстандык келинди өзбек тарап кабыл алды. Бул туурасында «Азаттыкка» Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, туугандык байланыштары тастыкталган 50 кыргызстандык келин 23-май күнү Өзбекстандагы үй-бүлөлөрүнө кайтып кетти. Учурда чек арадан өтө албай жаткан жарандар жок.

Өзбекстанга келин болгон ондогон кыргызстандыктар чек аралар ачык учурда келип, кайра үйлөрүнө кете албай калышкан. Буга чейин алар кыргыз чек арачылары өткөргөнү менен Өзбекстан кабыл албай жатканын айтып кайрылышкан. Аялдар 21-май күнү Тышкы иштер министрлигинин Оштогу өкүлчүлүгүнөн жардам сурашкан.

Чогулган аялдар өздөрүнүн тизмеси боюнча карантин кире электен мурун келип кайра үйүнө кайта албай калган 100дөй келин бар экенин билдиришкен. (DU)

XS
SM
MD
LG