Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:20

Жонсондун кеңешчиси карантинди бузганы үчүн кечирим сураган жок


Доминик Каммингс Британиянын Европа Биримдигинен чыгуу стратегиясынын башкы автору экени да айтылып жүрөт. 
Доминик Каммингс Британиянын Европа Биримдигинен чыгуу стратегиясынын башкы автору экени да айтылып жүрөт. 

Британ премьер-министри Борис Жонсондун кеңешчиси коронавирус пандемиясынын убагында карантин эрежесин бузганы тууралуу дооматтарга жооп берди. Доминик Каммингс 25-майда Лондондогу басма сөз жыйынында кечирим суроодон баш тартты жана кызматтан кетпей турганын айтты.

Буга чейин Каммингс Британияда эч ким үйдөн чыкпаган катаал карантин убагында анын эрежелерин кеминде эки жолу бузганы белгилүү боллгон. Ал март айында Лондондон 450 чакырым жердеги Дарэм шаарына аялы менен уулун алып туугандарына барган, андан кийин Барнард-Касл шаарында орто кылымда курулган сепилди да көрүп келген.

Британияда Каммингстин аракеттерине байланыштуу саясий чуу чыкты жана аны оппозициядагы лейбористтер эле эмес, айрым конcерваторлор да сындап, анын кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Борис Жонсон соңку жагдайга байланыштуу кеңешчисинин таламын талашты жана анын карантин эрежесин бузганы жөндүү болгонун айтты.

Британ саясатында Доминик Каммингс тууралуу пикир бир кылка эмес. Ал Британиянын Европа Биримдигинен чыгуу стратегиясынын башкы автору экени да айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG