Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Ооган өкмөтү дагы 900 талибди абактан бошотот


Ооган өкмөтү 25-майда 100 талиб туткунун бошоткон.
Ооган өкмөтү 25-майда 100 талиб туткунун бошоткон.

Ооган өкмөтү атышпоо тууралуу макулдашуунун акыркы күнүндө, тактап айтканда 26-майда «Талибан» кыймылынын дагы 900 жоочусун бошото турганын жарыялады. Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жавид Фейсал эркиндикке чыга турган адамдардын саны юридикалык жол-жоболордон кийин өзгөрүшү ыктымал экенин айтты.

Кабул 25-майда 100 талибди бошоткон.

«Талибан» кыймылы Орозо айтка карата 24-майдан тартып үч күн атышпай турганын билдирген. Муну Ооганстандын президенти Ашраф Гани кубаттаган жана талиб туткундарын бошотуу жараянын тездете турганын айткан. АКШ да «Талибандын» мындай демилгесин алкаган.

Ушул жылдын февраль айынын соңунда АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы беш миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак.

Бул сүйлөшүүлөргө президент Ашраф Гани менен мурунку башкы аткаруучу Абдулла Абдулланын өз ара саясий тиреши жолтоо болуп келген. Андан сырткары Кабул менен «Талибан» туткун алмашуу тууралуу бири-бирине шарт коюп, бири-бирин айыпташкан.

Бир канча күн мурда Гани менен Абдулла өз ара саясий бийликти бөлүштүрүү тууралуу макулдашкан.

XS
SM
MD
LG