Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Бизнес-омбудсмен Башкы прокуратурада ишкерлердин абалын талкуулады


Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит Башкы прокуратурада ишкерлердин абалын талкуулады.
Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит Башкы прокуратурада ишкерлердин абалын талкуулады.

Башкы прокуратурада бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смиттин катышуусу менен жолугушуу болуп, ишкерлердин укуктарын коргоо маселеси талкууланды.

Мекеменин маалыматына караганда, башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев ишкерлик тармагына негизсиз кийлигишүүнү текшерүү, ишкерлердин укуктарын коргоо аракеттери тууралуу маалымат берди. Ал ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо максатында Башкы прокуратурада атайын бөлүм ачылганын билдирди.

Дүйшөмбиевдин айтымында, былтыр бир жыл ичинде ишкерлердин укуктарын коргоо жаатында 154 текшерүү жүргүзүлүп, 502 мыйзам бузуу аныкталган, 139 мамлекеттик кызматкер тартип жазасына тартылган. Мындан тышкары, бир доо арыз сотко өтүп, төрт материалдын негизинде сотко чейинки териштирүү башталган.

Ошону менен катар ишкерлер боюнча жүргүзүлгөн 75 текшерүү каттоого алынган эмес. Прокуратура ал текшерүүлөр негизсиз деген бүтүм чыгарган.

Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу багытында жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Робин Орд-Смит ишкердик субъектилеринин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу болуп бир жыл мурда дайындалган.

Кыргызстанда ишкерлер мамлекеттин кийлигишүүсү ашкере экенин айткан учурлар кездешет. (RK)

XS
SM
MD
LG