Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

Акматов: Сузактагы жер Өзбекстанга берилген эмес


Сузак району, Кара-Дарыя айылындагы сай.
Сузак району, Кара-Дарыя айылындагы сай.

Сузак районунун Кара-Дарыя айылындагы Тешик-Таш участогунан Өзбекстанга жер берилген эмес. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгырым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов ​билдирди:

«Жергиликтүү тургундар Тешик-Таш участогунан сайдын жээгиндеги карта боюнча өзбек тарапка таандык жерди өз алдынча бир топ жылдардан бери пайдаланып келишкен. 2017-жылдагы эки тараптуу чек ара маселесиндеги сүйлөшүүлөрдө бул жерлер такталган. Быйыл жергиликтүү тургундар кайрадан эгин эгүүгө киришкенде өзбек чек арачылары эскертип, азыр чек ара тилкесине трактор менен белги коюп жатышат. Мында мурда макулдашылгандай эле биз тараптан бир да тилке берилген жок. Учурда менин сунушум менен түзүлгөн райондук комиссия канча жер өз алдынча иштетилип жатканын тактап жатат».

Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы Аширбек Матиев жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн айтты:

«1994-жылдан бери Өзбекстан колдонбой койгон сайдын жээгин биздин дыйкандар колдонуп келишкен экен. Учурда такталгандай кийин 25 гектардай күрүч эгилген аянттын сегиз гектары бизде калып, калганы коңшу өлкөгө берилди. Айыл аймак Өзбекстан менен 17 чакырым аралыкта чектешсе, анын 2,8 чакырым аралыгы тактала элек».

25-майда интернеттеги социалдык тармактарга «Кыргызстандын жерине Өзбекстандын чек арачылары кирип алышканы» тууралуу видео материал жарыяланган. Анда бир топ жылдардан бери тургундар колдонуп келген жерге себепсиз коңшу өлкөнүн аскерлери бастырып киргендиги айтылган.

Бүгүн, 26-майда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айылдыктар менен жолугушуп, жеринде тактоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жалал-Абад облусунда учурда Өзбекстан менен чектеш алты участок талаш болуп турат. Алар Аксы районундагы Уңгар-Тоо, Ала-Бука районундагы Гава-Сай, Ак-Сай участоктору. (RsK)

XS
SM
MD
LG