Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:18

Жалал-Абадда санитардык талаптарды аткарбагандар айыпка жыгылды


Жалал-Абад шаарындагы кыдыруу учуру. 26-май, 2020-жыл.
Жалал-Абад шаарындагы кыдыруу учуру. 26-май, 2020-жыл.

Жалал-Абад шаарында 26-майда соода-сатык жайларын, базарларды жана коомдук транспортту кыдыруунун негизинде санитардык талаптарды аткарбаган бир топ ишкерлерге айып пул салынды. Калаанын вице-мэри Болот Узакбаев «Азаттыкка» буга чейинки оозеки эскертүүнү аткарбаган бир соода түйүнү жабылганын айтты.

«Жүргүнчүлөрдү беткапсыз ташыганы үчүн жүргүнчү ташыган төрт машруттук фирмага, санитардык эрежелерди сактабаган бир кийим-кечек саткан жайдын ээсине миң сомдон айып салынды. Айрым ишкерлер санитардык эрежелерди сактабай, тартипке баш ийбөөгө аракет кылып жатышат. Ошондуктан шаар аймагында күн сайын атайын кызматтардын катышуусунда кыдыруу уюштурулуп жатат. Мындан сырткары калаадагы төрт аймактык башкармалыкта да соода кылуучу жана тамактануучу жайларды текшерүү күчөгөн», - дейт Узакбаев.

Өткөн жумада өкмөттүн облустагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов баш болгон адамдар соода-сатык жайларын кыдырганда шаардагы «Фрунзе» гипермаркетине да 7,5 миң сомдук айып салынган. (RsK)

XS
SM
MD
LG