Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Жапонияда өзгөчө абал режими алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жапон премьер-министри Синзо Абэ Токио менен төрт аймактан коронавирус пандемиясынан улам киргизилген өзгөчө абал алынганын билдирди.

Жапон өкмөтү апрель айынын ортосунда бүтүндөй өлкөгө өзгөчө абал киргизген. Ушул айдын ортосунан тартып мындай режим Токио менен төрт аймакта гана сакталып турган.

Жапонияда коронавирус 16 миңден ашык адамдан табылды, 850дөй бейтап көз жумду. Жапония катаал карантин чараларын киргизбегени менен АКШдай жана Европа өлкөлөрүндөй оорунун кесепетин көп тарткан жок.

Синзо Абэ коронавируска каршы күрөшкө триллион долларга жакын каражат бөлүүгө убада берген. Бул жапон экономикасынын бештен бир бөлүгүн түзөт.

XS
SM
MD
LG