Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:06

Батукаевдин иши боюнча сотто дагы үч күбө суралды


Азиз Батукаев. 2006-жыл.
Азиз Батукаев. 2006-жыл.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу сотто күбөлөр суралууда. 26-майдагы отурумда ошол кезде №24 колонияда дарыгер болуп иштеген М.Кайкиев көрсөтмө бергенин ишти карап жаткан Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Андан тышкары дагы эки күбө суралды. Кийинки отурум 28-майга белгиленди.

Өткөн аптада экс-башкы прокурор Аида Салянова жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Шамил Атаханов көрсөтмө беришкен.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) өткөн жылы бул кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Раимжановдон тышкары ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге айып коюлган.

Сот Атамбаевдин катышуусуз өтүп жатат. Башында ал өзү баш тарткан болсо, кийинчерээк судья анын катышуусуна тыюу салган.

Бул иш боюнча мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаевага, экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановго, ЖАМКтын ошол кездеги башчысы, депутат Зарылбек Рысалиевге, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматовго жана башка бир катар дарыгерлерге да айып коюлган. Алардын иши сотко өтө элек. (RK)

XS
SM
MD
LG