Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Польшадан кармалганы айтылган Райкүл Жапарова ИИМге жооп берди


Райкүл Жапарова. Сүрөт Бишкек ШИИБине таандык.
Райкүл Жапарова. Сүрөт Бишкек ШИИБине таандык.

Интерпол аркылуу Польшадан кармалганы кабарланган Райкүл Жапарова Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына жооп берди. Жапарованын билдирүүсүн иниси Дөөлөт Жапаров таратты.

Анда «мага козгогон кылмыш ишин Бишкектин Биринчи май райондук соту эки жолу, Свердлов райондук соту бир жолу «Райкүл Жапарованын күнөөсү жок» деп, ишти артка прокуратурага жөнөтүшкөн», - деп айтылат.

Ал Кумтөр маселесин көтөрүп чыккан иниси Садыр Жапаров 2012-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) камакта отурганда ошол кездеги бийлик Жапаров менен соодалашуу үчүн ага да иш козгогон деп эсептейт.

Райкүл Жапарова 2013-жылы «кардар насыясын өз убагында кайтарган эмес» деген жүйө менен кылмыш иши козголуп, №1 тергөө абагында 21 күн отурганын билдирген. Кийин үй-бүлөсү менен Польшадан саясий башпаанек алганын жана бардыгында Женева паспорту бар экенин кошумчалады. Кыргызстандагы иши боюнча Польшада полицияда сурак берип чыкканын, жакында ал өлкөнүн жарандыгын алганы жатканын билдирди.

26-майда Ички иштер министрлиги Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн Райкүл Жапарова Польшадан кармалганын кабарлаган. ИИМ Жапаровага карата Бишкектин Октябрь райондук жана Бишкек шаардык сотторунда сырттан чечим чыгарылып, 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде Жазык кодексинин «Кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу», «Алдамчылык» жана «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштарга күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылганын билдирген.

Ошондой эле Башкы прокуратура Жапарованы экстрадициялоо маселесин караштырып жатканы айтылган.

Жапарова - учурда түрмөдө отурган Садыр Жапаровдун бир тууганы. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган. 2019-жылы Жогорку сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG