Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

Нарында дарыгерлер чыгарып жиберген 22 аял кайра обсервацияга жаткырылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

25-майда Нарын облустук төрөт бөлүмүндө обсервацияда жаткан 22 аял экинчи анализинин жыйынтыгын күтпөй чыгып кетип, кайра ооруканага жаткырылды. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы буга дарыгерлердин катачылыгы себеп болгонун кабарлады.

«Дарыгерлер тарабынан обсервацияда жаткандарга «чыгасыңар» деп айтылып калып, алар ооруканадан чыгып кетишиптир. Бирок медициналык алгоритм боюнча эч ким чыгарылбашы керек болчу. Себеби, алар экинчи ПЦР анализин күтүп жатышкан. Ооруканадан чыгып кеткендер блокпосттордон тосулуп кайра алып келип жаткырылды», - деди өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Назгүл Мүсүралиева. Ал бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын, юридикалык баа берилерин кошумчалады.

26-майга карата Нарын облусунда коронавирус 280 кишиден табылды. Алардын 128и айыгып ооруканадан чыкты. 152 адам дарыланууда. Обсервацияда 123, үй карантининде 381 адам бар. Ооругандар менен контакт болгондордун саны 1590 адам.

Нарын шаарында 14-майда жаңы төрөгөн сегиз келинден коронавирус чыккан. 23-майда облустун Ак-Талаа районунда төрөт үйүнөн чыгып барган келиндерден 18 адамга вирус жукканы белгилүү болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG