Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:19

Пара алды деп шек саналган прокурор эки айга камакка алынды


Прокурор кармалган учуру. Сүрөт УКМКга таандык.
Прокурор кармалган учуру. Сүрөт УКМКга таандык.

Жети-Өгүз районунун прокурорунун 150 миң сом пара алып жатканда кармалганы айтылган ага жардамчысы Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен 22-июлга чейин камакка алынды.

Мындай чечим 24-майда чыкканын райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, сотко чейинки териштирүү аяктаганча шек саналып жаткан прокурор Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалат.

Атайын кызмат Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы 22-май күнү 150 миң сом пара алып жаткан учурда колго түшкөнүн билдирген. Маалыматка ылайык, ал арыз ээсинин уулуна козголгон кылмыш иши боюнча жеңилдетилген чечим чыгарууга көмөктөшүү үчүн андан 2 миң доллар талап кылган.

Бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Жазык кодексинин «Пара талап кылуу» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. (BTo)

XS
SM
MD
LG