Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Каратаев: Нарын шаары менен Ак-Талаа оорунун очогуна айланды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 27-майда Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, Ак-Кыя, Көк-Жар, Баетов айылдарын курчоого алып, байланышта болгондордун баары изоляцияга алынган соң абал турукташып калды.

«Нарын шаарында коронавирус облустук ооруканада, төрөт үйүндө тарап, ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен вирус көп табылды. Нарын облусунун Ат-Башы районуна, Нарын шаарына коронавирус жаңы аныкталган учурда эле коргонуучу каражаттар жетиштүү берилген. Ошого карабай оорунун жайылып кетиши боюнча учурда тийиштүү иликтөө жүрүп жатат. Өз убагында чара көрбөгөн жетекчилер жооп беришет».

Депутат Камчыбек Жолдошбаев кийинки күндөрү Нарын шаары менен Ак-Талаа районунда оору көп катталганын белгилеп, коргонуучу каражаттардын жетишсиздиги буга себеп болгонун айтты.

27-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 52 адам жаңы катталды. Анын ичинен 17 адам Нарын облусунда.

Жалпы өлкө боюнча бүгүнкү күнгө карата 1520 адамдан COVID-19 вирусу аныкталган. Анын ичинен 1043 бейтап айыгып чыкты. 16 адам оору жуккан соң көз жумду. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG