Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:52

Нарында төрөт үйүнөн кетип калган аялдарга иш козголду


COVID-19 аныкталган бейтапты карап жаткан дарыгерлер. Бишкек. Май, 2020-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт.
COVID-19 аныкталган бейтапты карап жаткан дарыгерлер. Бишкек. Май, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын шаарында төрөт үйүнөн коронавирус боюнча алынган анализдин жыйынтыгын күтпөй, үйлөрүнө кетип калган аялдардын үстүнөн сотко чейинки териштирүү иши башталды. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 25-май күнү саат 12:10 чамасында төрөт үйүнүн патология бөлүмүндө жаткан 22 аял кулпуну сындырып, чыгып кеткен. Алардын 18и үйлөрүнө кетип, төртөө калган.

Бул факты боюнча Нарын ШИИБ Жазык кодексинин 280-беренеси («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же абайлабастык кылып бузуу менен массалык жуктуруу, ууландыруу») боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин баштады.

Нарын шаары жана Ак-Талаа району коронавирустун очогу болуп жатканын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган.

27-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 52 адам жаңы катталды. Анын ичинен 17 адам Нарын облусунда.

Жалпы өлкө боюнча бүгүнкү күнгө карата 1520 адамдан COVID-19 вирусу аныкталган. Анын ичинен 1043 бейтап айыгып чыкты. 16 адам оору жуккан соң көз жумду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG