Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Трамп: Ооганстандан америкалык аскерлер толук чыгарылат


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ооганстандагы аскерлерин толук чыгарып кетүү ниетин дагы бир ирет билдирди. Бирок азырынча так бир күндү айткан жок.

«Биз 19 жылдан бери ошол жактабыз. Менимче, бул жетиштүү. Биз абдан жакшы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканыбызды алар да түшүнүп турушат. Аскерлерибизди үйгө кайтарууну каалайбыз», - деди Трамп.

Ушул тапта Ооганстанда өкмөттүк күчтөргө окутуу, машыгуу иштерине 12 миңдей америкалык күч кызматкери жардамдашып жүрөт.

Быйыл февралда күтүүсүздөн Вашингтон «Талибан» менен мунасага келген жана анда америкалыктар Ооганстанды таштап кетери макулдашылган.

Келишимдеги шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы беш миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак.

Ооган өкмөтү менен «Талибан» Орозо айтка карата үч күн бою атышпоо тууралуу шерттешкен. Макулдашуунун соңку күнүндө, тактап айтканда 26-майда өкмөт «Талибан» кыймылынын дагы 900 жоочусун бошото турганын жарыялаган. Кабул 25-майда 100 талибди эркиндикке чыгарган.

XS
SM
MD
LG