Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

COVID-19: Испанияда 10 күндүк аза күтүү күнү жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Испанияда коронавирустан каза болгон дээрлик 27 миң маркумду эскериш үчүн шаршембиден тартып 10 күндүк аза күтүү жарыяланды. Бул өлкөдө 5-июнга чейин коомдук имараттарда желектер жарым-жартылай түшүрүлүп турмакчы.

Падышалыкта Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндөй эле вирустун жайылышы басаңдап баратат, улам бир жерде карантиндик катуу чектөөлөр алынууда.

Пандемиянын очогу эми Латын Америкасына жылды. Коронавируска кабылгандар боюнча дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи орунда келаткан Бразилияда шейшембиде инфекциялангандардын жалпы саны 391 миңге жетти, 24,5 миң бейтап COVID-19дан көз жумду.

Дүйнө жүзү боюнча акыркы статистикага ылайык, 5,6 миллион киши коронавируска туш болду, 350 миң киши оорунун кесепетинен көз жумду.

XS
SM
MD
LG