Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

«Бактылуу балалык» жумалыгы башталды


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бүгүндөн тартып «Бактылуу балалык» жумалыгы башталды. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурган бул акция 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналууда.

Жумалыктын алгачкы күнү Бишкекте Касымалы Баялинов атындагы китепканада «Бала - бакыт» деген поэзия кечеси менен башталганын министрдин орун басары Кайрат Иманалиев билдирди:

«Буга биздин Кыргызстандагы бардык маданият мекемелери, театрлар, оюн-зоок жайларынын артисттери катышат. Иш-чараны Балдар жана өспүрүмдөр китепканасынан баштап отурабыз».

Бүгүнкү иш-чарада белгилүү акындардын жана жаш калемгерлердин чыгармалары окулду. Эртең, 28-майда «Жомок күнү» өтөт. Акциянын алкагында 1-июнга чейин «Сүрөт жана көркөм тасма», «Музыка» күндөрү да уюштурулат.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу көпчүлүк иш-чаралар социалдык түйүндөр аркылуу онлайн өткөрүлөт. (RK)

XS
SM
MD
LG