Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Чүйдө милиционердин өлүмү иликтене баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү инспектордун өлүмү иликтене баштады. Бул тууралуу 27-майда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматында «бүгүн, азырынча белгисиз себептерден улам Чүй ОИИББнын жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору каза болгонун белгилейбиз. Факт Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды» деп айтылат.

Айрым маалымат булактары кабарлагандай, 45 жаштагы инспектордун сөөгү Бишкек-Ош автожолунун 155-чакырымында табылган. (RK)

XS
SM
MD
LG