Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Алматы: блокпостогу кандуу окуядан улам полиция башчылары кызматтан алынды


Эки полиция кызматкеринин бири окуя болгон жерде мерт болуп, экинчиси ооруканада үзүлгөн.
Эки полиция кызматкеринин бири окуя болгон жерде мерт болуп, экинчиси ооруканада үзүлгөн.

Казакстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Алматыда блокпосттордун биринде эки адамдын өлүмү менен аяктаган окуядан кийин шаардык полициядагы үч жетекчини кызматтан алды, дагы бир катар кызматкерлер сөгүш, эскертүү өңдүү жаза берилди.

Алматынын Көксай районунда 25-майда таң эрте BMW үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу мас абалында блокпосттун тосмосун, анын жанындагы полициянын машинесин сүзүп кеткен. Машинеде отурган эки полиция кызматкеринин бири ошол жерде жан берген, экинчиси ооруканада үзүлгөн.

ИИМ кырсыкка себепкер адам мурда тартип коргоо органдарында иштеп кеткенин билдирген. Маркум полиция кызматкерлеринин биринин жубайы ал айдоочуну жакшы тааный турганын, күйөөсү менен чогуу иштегенин, дагы эле ички иштер органдарында кызмат кыларын айтып чыккан.

Айдоочуга кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Президент Касым-Жомарт Токаев маркум полиция кызматкерлерине сыйлык ыйгарган. Шаар бийлиги алардын үй-бүлөсүнө батир менен каражаттан каралашарына убада берген.

XS
SM
MD
LG