Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Мамкаттоонун жетекчисинин орун басары Сот департаментин жетектейт


Урмат Кожомбердиев.
Урмат Кожомбердиев.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Урмат Кожомбердиев Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору болуп дайындалды.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымат таратып, 27-майда өлкөнүн башкы сотунун жетекчиси Гүлбара Калиева Кожомбердиевди Сот департаментинин эмгек жамаатына тааныштырганын билдирди.

42 жаштагы Урмат Кожомбердиев Мамлекеттик каттоо кызматына жумушка орношконго чейин 2002-2012-жылдар аралыгында Сот департаментинде ар кандай кызматтарда иштеген. 2012-жылдан 2014-жылга чейин Сот департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG