Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 00:16

Коронавирус 74 адамдан жаңы аныкталып, Кыргызстандагы экинчи чоң көрсөткүч болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 74 адам жаңы катталды. Бул коронавируска чалдыккандар көп катталган экинчи учур болуп калды. 18-майда коронавируска чалдыккан 78 киши аныкталып, биринчи чоң көрсөткүч деп бааланган.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин маалыматына караганда 28-майда вирус аныкталган 74 кишинин көпчүлүгү Ош шаарында катталды.

Ош шаарында - 35 адам.

Нарын облусунда - 13

Бишкекте - 11+10 (Орусиядан келген курсанттар)

Ош облусунда - 4

Чүй облусунда - 1

Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан келген курсанттардын арасынан акыркы бир суткада дагы 10 адамдан коронавирус табылды.

Илдет жуктуруп алгандардын 27си медицина кызматкери. Басымдуу бөлүгү Ош шаарында - 15 кызматкер. Нарын облусунда 7, Бишкекте 5 медициналык кызматкер ооруга чалдыккан.

Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 23 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 28-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1594 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1066 бейтап айыгып кетти.

28-майга карата өлкөдөгү стационарларда 512 бейтап бар. Алардын ичинен 12 бейтап оор абалда, алардын алтоо жандандыруу бөлүмүндө.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG