Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

COVID-19 вирусу жуккандардын 32% чет жактардан келген


Екатеринбург-Бишкек каттамындагы чартердик учак. «Манас» аэропорту. 28-апрель, 2020-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт.
Екатеринбург-Бишкек каттамындагы чартердик учак. «Манас» аэропорту. 28-апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалпы чет мамлекеттерден келген кыргызстандыктардын ичинен 450 кишиден вирус аныкталган. Бул жалпы ооруга чалдыккандардын 32% түзөт.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 28-майдагы берген маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус илдети менен катталган 1594 адамдын 450сү чет өлкөлөрдөн кайтып келген. Алардын ичинен басымдуу бөлүгү Орусиядан келген. Соль-Илецк шаарынан келген мекендештердин арасынан 101 адамдан вирус табылган.

Мындан тышкары чартердик учак, автобус менен келгендердин ичинен илдет сегиз адамдан табылган. Орусиянын аскердик окуу жайларында окуган курсанттардын арасынан коронавируска кабылган 52 учур катталды. Үсөнбаевдин айтымында, учурда лабораториялык тастыктоо уланууда.

Кыргыз өкмөтү коронавирус күчөгөн февраль айынан берки убакта чет мамлекеттерден он миңден ашуун кыргызстандык алынып келгенин кабарлаган. Тышкы иштер министрлиги учурда дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүндө жети миңдей адам Кыргызстанга кайтууну көздөп турганын билдирүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG