Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:51

Автожол дирекциясынын кызматкерлери коррупцияга шектүү катары кармалды


Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат тараткан инфографика.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат тараткан инфографика.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) жол жана транспорт көзөмөлдөөдө коррупциялык схема ашкереленгенин, ага Транспорт жана жолдор министрлигине каарштуу Бишкек-Ош автожолдор дирекциясынын жооптуу кызматкерлери тартылганын 28-майда билдирди. Маалыматка караганда, бул иш боюнча үч кызматкер шектүү катары кармалды.

Алар жол үчүн жана автотранспортторду көзөмөлдөө максатында алынган каражаттардын аз бөлүгүн гана мамлекетке берип, калганын сол капчыкка солоп келген деп айыпталууда.

Мекеме тараткан маалыматта «2018-жылдын 1-декабрынан 2020-жылдын 1-мартына чейинки аралыкта Бишкек-Ош жолундагы бир эле стационардык посттон мамлекеттик казынага он миллион сомдон ашык зыян келтиргени»​ айтылат. Азыр министрликтеги аларды калкалап келген тараптар иликтенип жатканы да кошумчаланган.

Транспорт жана жолдор министрлиги бул билдирүүгө комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG