Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 20:50

Орус дарыгерлеринин 80% коронавирус статистикасына ишенбейт


Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиялык дарыгерлердин 80% жакыны өз өлкөсүндөгү коронавируска байланыштуу өлүмдүн расмий статистикасына ишенбейт. Бул тууралуу Орусиянын медицина тармагында социалдык жана маркетинг кызматын көрсөткөн «RNC Pharma» жана «Доктор на работе» компанияларынын орток сурамжылоосунда маалымдалат.

Сурамжылоого катышкан адистердин 17% статистика менен диагноз коюудагы манипуляция фактыларын ырастап берүүгө даяр экенин билдирген.

Дарыгерлердин 9% гана расмий статистикага толук ишенерин айткан.

Орусиянын бийлиги статистиканын толуктугу жана тактыгы, атайын өзгөртүлгөнү боюнча күмөн санаган пикирлерди четке кагып келет.

Расмий маалыматка караганда Орусияда коронавирус жуккандар 370 миңден ашты. Алардын ичинен көз жумгандар төрт миңге жакын. Ал эми айыгып чыккандары 142 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG