Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Аба ырайы: Айрым аймактарда өткүн өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

29-майда түнкүсүн өлкө аймагында жамгыр жаабайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда күн ачык болот. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…4, күндүз 20…25;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28 градус ысыйт.

29-майда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 29…31° жылуу болушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG