Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Вице-мэр УКМК кызматкеринин аты аталган мушташка аралашпаганын айтты


УКМК.
УКМК.

Бишкек шаарынын вице-мэри Алмаз Бакетаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери жана өзү аралашты деген чыр боюнча маалымат берди. Бакетаевдин видео түшүндүрмөсүн Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жайгаштырды.

Анда Бакетаев маалымат булактарында туура эмес кабар тарап, өз дарегине көлөкө түшкөнүн айткан.

Шаршембиде баш калаанын Чыңгыз Молдокеев аттуу тургуну 26-майда үйүнө кире бериш жерде УКМКнын кызматкери деген Чыңгыз Айманбаев, вице-мэр Алмаз Бакетаев жана дагы бир киши биригип сабап кетишкенин айтып чыккан.

«Күндүз тестиер балдарымды Молдокеевдин баласы уруп койгон экен. Жубайым аларды мындай кылбай жүрүшү керек экенин айтып, урушуп койгон», - деген Молдокеев ошол күнү кечинде жумуштан кайтканда УКМК кызматкери деген адам, анын дагы бир тууганы жана вице-мэр өзүн подъезддин алдынан тосуп алып сабап киришкенин, натыйжада жаракат менен Бишкектеги травматология жана ортопедия борборуна жатканын билдирген.

УКМКдан Чыңгыз Айманбаев боюнча маалымат алууга мүмкүн боло элек.

Вице-мэр Алмаз Бакетаев жогоруда айтылгандарды четке кагып жатат.

«Маалымат каражаттарында мен тууралуу текшерилбеген маалымат чыгып кетти. Ал жерде менин эшигиме жакын жерде мушташып жаткандарды ажыратып эле койгом. Мен биринчи кабатта жашайм. Молдокеевди урган эмесмин», - деди вице-мэр.

Жабырлануучу сөз кылган Чыңгыз Айманбаев 2016-жылы Медициналык академиянын аппарат жетекчиси Абдикерим Гапаровдун өлүмү боюнча айыпталып, кийин акталган УКМК кызматкеринин бири экени айтылууда.

2016-жылы февралда Медициналык академиянын ошол кездеги аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаров «пара алып жаткан жеринен кармалып, жүрөгү кармап каза болгону» айтылган. Маркумдун жакындары прокуратурага кайрылып, үч кызматкерге «кызмат абалынан аша чапкан жана адамдын ден соолугуна олуттуу зыян келтирип, өлүмгө жеткирген» деген айып коблган. Сот аларды 2017-жылы актаган. (NT)

XS
SM
MD
LG