Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 00:32

Түрмөлөрдө иштеген сегиз кызматкерге коронавирус жукту


Карантин учурунда Бишкектеги ооруканалардын биринде тартылган сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык штаб Кыргызстандагы түрмө кызматкерлеринин арасынан сегиз кишиден коронавирус чыкканын, төртөө айыгып, төртөө дарыланууну улантып жатканын билдирди. Бирок расмий маалыматта алар кайсы абактардын кызматкерлери экени анык айтылган жок.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Самат Калыков дарыланууну улантып жаткан төрт бейтап Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колонияда иштегендер экенин бышыктады:

«Абалы начар эмес. Изоляцияда жатышат. Дарттын коркунучтуу белгилери да аларда байкалган жок».

Буга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында иштеген адамдан илдет табылганы кабарланган эле.

Акыйкатчынын эркиндиги чектелген жайлардагы адамдардын укуктарын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Альберт Колопов бардык абактардан такай кабар алынып жатканын, олуттуу кыйынчылык жок экенин белгиледи.

Кыргызстанда 18-марттан 28-майга чейин COVID-19 илдети жуккандар 1594 кишиге жетти. Алардын 1066сы айыгып, 16 киши жашоо менен кош айтышты. Ооруканада 512 бейтап бар. (SE)

XS
SM
MD
LG