Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 06:24

Ош шаардык төрөт үйүндө обсервацияда жаткандар үйүнө кетүүгө аракет кылышкан


Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык төрөт үйүндө обсервацияда жаткан 50дөй эне үйлөрүнө жиберүүнү талап кылууда. Алар эки жолу тапшырган тесттери таза чыкканын белгилеп, обсервацияда жаңы туулган ымыркайды карап-багууга шарттары жок экенин айтышууда. Аялдарды милиция жана медицина кызматкерлери кетирбей, кармап калышкан.

Ош мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова «Азаттыкка» билдиргендей, 28-майда бул төрөт үйүндөгү 34 адамдан коронавирус табылган соң, аларды шарты жакшы обсервацияга которуу маселеси чечилип жатат

«Республикалык штаб айтты го, бүгүн бул төрөт үйүнөн 34 адамдан вирус табылып калды. Алардын бешөө жаңы туулган наристелер. Мындай жыйынтык болуп жатса кантип үйлөрүнө кое беребиз? Шарты жакшы башка обсервацияга которобуз, азыр штабда ошол маселе каралып жатат», - деди ал.

Ош шаардык төрөт үйү 13-майдан бери карантинге алынган. Ал күнү 13 бейтаптан коронавирус чыккан. Ошондон бери 282 кызматкерден, 145 энеден, 108 ымыркайдан ПЧР анализдери алынып, лабораториялык иликтөөлөр жүргүзүлгөн. Алардан тышкары 20-апрелден бери төрөп, үйлөрүнө чыгып кеткен 162 аял дагы ПЧР тесттерин тапшырган. 26-майда төрөтканада иштеген 7 медицинилык кызматкерден вирус табылса, 28-майга караган суткада 34 адамдан бул илдет табылган.

28-майга карата Кыргызстанда коронавируска кабылган 74 адам катталган. Ушуну менен жалпы өлкөдө вирус жуккандар 1594 адамга жетти. (ZKo)

XS
SM
MD
LG