Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:46

Атамбаев: парламенттик шайлоого даярданчу кез келди


Алмазбек Атамбаев парламенттеги КСДП фракциясынын Иса Өмүркулов баштаган мүчөлөрү менен жолугушуу учурунан. 16-апрель, 2018-жыл.
Алмазбек Атамбаев парламенттеги КСДП фракциясынын Иса Өмүркулов баштаган мүчөлөрү менен жолугушуу учурунан. 16-апрель, 2018-жыл.

Камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыковду Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) жаңы төрагасы болушу менен куттуктап, бардык тарапташтарын анын айланасына биригүүгө үндөдү. Атамбаевдин атынан жазылган кол жазма түрүндөгү мындай кайрылууну мурдагы президенттин уулу Сейитбек (Сеид) Атамбаев өзүнүн «Фейбуктагы» баракчасына жайгаштырды. Кайрылууда «бөлүп-жаргандардан арылып», «ушак-айың, кер-мурду унутуп», «парламенттик шайлоого даярдануунун мезгили келди» деп жазылган.

Атамбаевди жактаган КСДПнын 27-майдагы саясий кеңешинде Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова партиянын төрагалык, Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкина төраганын орун басарынын кызматтарын өткөрүп беришкени, жаңы төрагасы Анвар Артыков болгону тууралуу маалымат тараган. Ошондой эле Адил Турдукулов, Мээрбек Мискенбаев баштаган бир катар саясатчылар партиянын катарынан чыккандыгы кабарланган.

Буга чейин партиянын ичинен дагы бир топ бөлүнүп чыгып, «Социал-демократтар» деп аталган жаңы партияга биригип жатканы айтылган.

КСДПдагы өзгөрүүлөр, пикир келишпестиктер тууралуу Анвар Артыков баштаган депутаттар комментарий бере элек.

КСДПнын Алмазбек Атамбаев баштаган жетекчилери жана тарапкерлери Кой-Таш окуясы боюнча кармалып, өтө оор кылмыштарга айыпталып камакта отурушат.

XS
SM
MD
LG