Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

АКШ Кытайдагы мусулмандарды куугунтуктагандарга санкция салууну көздөп турат


Кытайдагы «кайра тарбиялоо лагерлеринин» бири.
Кытайдагы «кайра тарбиялоо лагерлеринин» бири.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасы Кытайдагы уйгурлардын, казактардын, кыргыздардын жана башка аз улуттардын укуктарын бузгандарга санкция салууга жол ачкан мыйзамды дээрлик бир добуштан кабыл алды. «Кара тизмеге» илинген кытай аткаминерлерине виза берилбейт жана алардын АКШдагы банк эсептери камакка алынат.

«Кытай коронавирус менен күрөшүп жатканыбызда дүйнө уйгурлар тууралуу унутуп калышын каалайт. Биз аларга каршы турушубуз керек. Бүгүн биз уйгурлар тарапта экенибизди, куугунтукка алынгандар үчүн күрөшүп жатканыбызды жана аларды унутпай турганыбызды билдирип атабыз», - деди демократ-конгрессмен Брэд Шерман.

Кытайдын Шиңжан-Уйгур автоном аймагындагы мусулмандарды Бээжин аёсуз куугунтукка алып жатканы тууралуу далилдүү кабарлар 2017-жылдан бери тарап жатат.

Анын ичинде жүз миңдеген адамды «кайра тарбиялоо лагерлеринде кармап, коммунисттик режимдин атрибуттарын, кытай тилин мажбурлап окутуп жатканы» маалымдалат.

Бээжин куугунтук тууралуу ырастамаларды четке кагып, кайра тарбиялоо лагерлери терроризм жана экстремизмге каршы уюштурулган, кесипке үйрөткөн борборлор экенин билдирип келет.

Ал лагерлерден бошонгон, чет өлкөлөргө чыга алган адамдардын айрымдары башынан өткөргөн катаал күндөрү айтып, дүйнөлүк коомчулуктан жардам сурап жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG