Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

Германия парламентке хакердик чабуул койгондорго санкция салынарын эскертти


Ангела Меркел.
Ангела Меркел.

Германиянын Тышкы иштер министрлиги немис парламентине хакердик чабуул коюуга жоопкер адамдарга, анын ичинде орусиялык Дмитрий Бадинге Евробиримдиктин кибер санкциясы салынарын билдирди.

Немис прокуратурасы Бадинди кармоого 5-майда буйрук берген. Ал «APT28» же «Fancy Bear» аттуу хакердик топтун мүчөсү деп маалымдалат.

28-майда министрлик Орусиянын Берлиндеги элчисин чакыртып, маалымат берген. Анда Дмитрий Бадин ошол чабуул коюлган убакта орус чалгын кызматына иштегени камтылган.

«Анын чабуул учурунда Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын аскер чалгынынын мүчөсү болгонуна ынанымдуу далилдер бар» экени айтылат.

Ынанымдуу далилдер бар экенин май айынын башында Германиянын канцлери Ангела Меркел да айтып, 2015-жылы ал чабуулга «орусиялык аскерлердин» катышы бар экенин билдирген. Канцлер парламенттеги кеңсесинен документтери уурдалганын белгилеген.

27-майда Москва Бундестагга кандай гана киберчабуул болбосун катышы жок экенин маалымдап, Берлинди «коронавирус көйгөйүнөн көңүлдү жазгырууга аракет кылып жатат» деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG