Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:51

Түркияда айрым чектөөлөр алынары кабарланды


Стамбулдагы мечит.

29-майда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөдө 11-марттан бери жабык турган ресторандар менен кафелердин иштешине 1-июндан баштап уруксат берилерин билдирди. Ошондой эле ички аймак аралык каттамдарга коюлган чектөөлөр алынды.

Анткен менен 65 жаштан улууларга жана 18 жаштан кичүүлөргө көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Президент жергиликтүү элди көчөдө сөзсүз беткап тагынууга, социалдык аралыкты жана тазалыкты сактоого үндөдү.

Түркияда расмий түрдө өзгөчө кырдаал киргизилген эмес, бирок дем алыш күндөрү коменданттык саат жарыяланып жатат. Өлкөдө расмий 30 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир сыяктуу ири шаарларда жашап, иштеп жүрүшөт.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда аба каттамдары токтогон. (ElB)

XS
SM
MD
LG