Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:36

Текебаевдин иши боюнча сот дээрлик бир айга жылдырылды


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сот залында. 2019-жыл, 1-октябрь.

28-майда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочулары келбегендигине байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурум 25-июнга чейин жылдырылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» ишти карап жаткан райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, 2019-жылдын 21-августунда мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Ал эми камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкүл Чотоновду сот залынан бошоткон.

Ушул тушта Бишкектин Биринчи май райондук соту ишти жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карап жатат.

Эки саясатчы 2017-жылы коюлган айыпты ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалап келет. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (13)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG