Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын жыйынында депутат Канатбек Исаев өкмөттү «Бишкек» эркин экономикалык аймагын көзөмөлдөй албай жатат деп сындады. Ал мамлекетке акча түшпөй жатканын, штаттык орундар ыксыз көбөйтүлүп жана аймакта тендерсиз курулуштар жүргүзүлгөнүн, мыйзамсыз иштер орун алып жатканын айтты. «Жетекчилери өздөрүнө жогорку айлык коюп алган, жумушка туугандарын орноштурган. 300 гектар жери бар аймак жыл ичинде тапкан кирешесинен салык катары казынага 6 млн. сом да төлөгөн эмес», - деди депутат.
«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Дүйшөн Исраилов депутаттын айткандарын четке какты. Ал кызматка келгенде штатты 600 кишиден 300гө кыскартканын айтты. Исраилов бул мамлекеттик кызмат эмес экенин, туугандарын жумушка алууга укугу бар экенин билдирип, Исаевге «сиздин кызматтагы туугандарыңызды санаган жокпуз» деп жооп берди.
«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жалпы аянты 346,09 гектар. Учурда 313 субъект катталган, анын ичинен 58 биргелешкен ишкана бар.(TSh)