Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Чек арачы катышкан чыр боюнча кызматтык иликтөө башталды


Ош - Сары-Таш - Эркечтам жолу. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош - Сары-Таш - Эркечтам жолу. Иллюстрациялык сүрөт.

Жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын инспектору менен Мамлекеттик чек ара кызматынын аскери катышкан чатак боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы «Азаттыкка» кабарлады.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, окуя 26-май күнү саат 22:00 чамасында Ош - Сары-Таш - Эркечтам жолунда, «Таш-Коро» санитардык-карантин постунда болгон. Ага ылайык, жол тартибин көзөмөлдөөчү инспектор БМВ үлгүсүндөгү автоунааны токтоткон кезде экөөнүн ортосунда пикир келишпестик пайда болуп, айдоочу автоунаасы менен инспекторду сүзүп кетип калган. Натыйжада 22 жаштагы инспектор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

27-май күнү машиненин ээси кармалган. Ал Мамлекеттик чек ара кызматынын аскери болуп чыккан.

Бул иш Жоруктар кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

28-май күнү Алай райондук соту кармалган чек арачынын бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарган. (ZKo/DU)

XS
SM
MD
LG