Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

ЕККУ: Тажикстандагы шайлоо демократияга шайкеш болгон жок


Борбор шаар Дүйшөмбүдөгү добуш берүү процесси. 1-март, 2020-жыл.
Борбор шаар Дүйшөмбүдөгү добуш берүү процесси. 1-март, 2020-жыл.

ЕККУнун Адам укуктары жана демократия институттары боюнча бюросунун миссиясы үч айдан кийин Тажикстандагы парламенттик шайлоо тууралуу баяндамасын жарыялады. Шайлоо 1-мартта өткөн.

«Парламенттик шайлоо катуу көзөмөл алдында болду, эркиндик менен саясий укуктун башкы эрежелери бузулду. Саясий талкууга орун берилген жок, оппозиция саясий ландшафтан четтетилди», деп айтылат баяндамада. Эл аралык байкоочулардын пикиринде, тажик шайлоочуларына тандоо мүмкүнчүлүгү берилген жок.

Андагы шайлоодо президент Эмомали Рахмондун Элдик демократиялык партиясы 50,4% добуш алганы жарыяланган.

Агрардык партия 63 орундуу парламентте төрт депутаттык мандатын сактап калган. Ага шайлоочулардын 16,5% добуш берген. Ушундай эле көрсөткүчкө «Экономикалык реформалар» партиясы ээ болгон. Бул шайлоодо жалгыз оппозициялык партия деп мүнөздөлгөн Социал-демократиялык партия парламентке өткөн эмес.

Тажикстандын Демократиялык партиясы жана Социалистик партия 5% көрсөткүч менен парламенттеги буга чейинки бирден мандаттарын сактап калышкан.

Эл аралык байкоочулар Тажикстандагы бир да шайлоону ачык-айкын, эркин же стандарттарга ылайык деп тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG