Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Өзбекстанда мугалимди жумшаган аткаминер айыпка жыгылды


Мугалимдерге «чоңдук» кылган жетекчи тууралуу карикатура.
Мугалимдерге «чоңдук» кылган жетекчи тууралуу карикатура.

Ташкенттин Бука районунун акиминин орун басары Анвар Хонтураев мугалимдердин укугун басмырлаганы жана коомдук жумуштарга мажбурлаганы үчүн 22,3 млн. сум (163 миң сом) айыпка жыгылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Билим берүү министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда аткаминер апрелдин аягындагы мектеп директорлору менен жолугууда аларга айлана-чөйрөнү тазалап, оңдоого буйрук берген. Андан соң майдын башында мугалимдерди сугатка айдаган. Ошондой эле Хонтураев 12-мектептин директорун эл көзүнчө келекелеп, андан соң кызматтан кетүүгө арыз жаздырган.

Билим берүү министрлиги менен Эмгек инспекциясы бул окуялар боюнча иликтөө жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында Хонтураев «эмгекке мажбурлоо» үчүн айыптуу деп аталган.

Буга чейин да Өзбекстандагы аткаминерлер кол алдындагыларды мазактап, сөгүп же урган көрүнүштөр жарыяланып жүрөт. Бир жыл мурда Анжиян шаарынын мэри Дилмурод Рахматуллаев шаардагы лицейлер менен коллеждердин директорлорун сөккөнү үчүн 30 минималдык эмгек акы өлчөмүндө айыпка жыгылган.

XS
SM
MD
LG