Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

Нурбаев: орус каналдары тууралуу мыйзам долбоорун колдогон эмесмин


Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев Орусиянын 1-каналы менен РТР каналынын берүүлөрүн Кыргызстандын акысыз санарип куржунунда көрсөтүү мөөнөтүн 2023-жылга чейин узартууга багытталган мыйзам долбоору тууралуу «Азаттыкка» комментарий берди.

Ал мыйзам долбооруна каршы экенин айтып, «сессияда ага менин атымдан добуш берип коюшту» деп билдирди. 27-майдагы жыйынга Нурбаев катышкан эмес.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз «эки мамлекеттин маданий байланышы үчүн» мыйзам долбоорун колдогонун айтты.

27-майдагы сессияда Дастан Бекешев, Мирлан Жээнчороев сыяктуу депутаттар Кыргызстандын акысыз санарип куржунуна Орусиянын 1-каналы менен РТР каналы кирип калганына нааразы болуп, мыйзам долбоорун четке кагууну сунуш кылышкан.

Маселени күн тартибинен алып салуу жөнүндө сунуш добуш берүүгө коюлганы менен өткөн эмес. Мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилип, жыйынга катышкан 107 депутаттын 53ү «каршы», 54ү «макул» деп добуш беришкен. Документ биринчи окууда кабыл алынды деп табылган.

Өкмөт сунуш кылган мыйзам долбоору «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору деп аталат.

Орусиянын эки каналын ретрансляциялаш үчүн Кыргызстандын бюджетинен акча төлөнөт. (NT/AiB)

XS
SM
MD
LG