Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Мамакеев эң узак иштеген хирург катары Гиннес китебине кирди


Мамбет Мамакеев.

Гиннестин рекорддор китебинин расмий сайтындагы маалыматка караганда, кыргызстандык хирург, коомдук ишмер Мамбет Мамакеев дүйнөдө өз кесиби менен эң узак иштеген адис деп табылды.

2020-жылдын 29-февралындагы эсеп боюнча анын хирургдук карьерасы 67 жыл 181 күндү түзгөн.

Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. Иш тажрыйбасында 30 миңдей операция жасаган.

"Азаттыктын" архиви. Өмүрүн хирургияга арнаган Мамакеев. 1-октябрь, 2016-ж.

Мамбет Мамакеев азыр да ишин улантып келатат. Кыргызстандын Улуттук хирургия борборунун ардактуу директору. Бул борборго хирургдун аты берилген.

Ага 2004-жылы «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылган. СССРдин Жогорку Кеңешинин экинчи жана төртүнчү чакырылыштарынын депутаты, Кыргызстандын Хирургиялык коомдор ассоциациясынын президенти. Илимдин 15 докторун, 26 кандидатын тарбиялаган. Hегизги илимий эмгектери өт ооруларын дарылоо, өттөгү ташты хирургиялык жол менен алуу ыкмаларын камтыйт. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG