Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:11

Киевде ондогон адам катышкан атышуу болду


Броварыдагы атышуу үчүн шектүү катары кармалгандар. 29-май, 2020-жыл.

29-майда Киев облусунун Бровары шаарында 100гө жакын адам катышкан атышуу болду. Натыйжада үч адам травматикалык октон жаракат алганын Украинанын Ички иштер министрлиги билдирди.

«Броварыдагы таңкы атышуу - ташуучуларга квота бөлүштүрүүдөгү коррупциянын, ташуу маршруту үчүн күрөшкө бандаларды тартуунун жаңырыгы. Дарылайбыз. 10 адам кармалды. Жапырт кармоо улантылууда», - деп ички иштер министри Арсен Аваков «Твиттерге» жазды.

Кабат үйдүн терезесинен тартылган видеодон бир топ адам жолдо туруп алып ок атып атканын көрүүгө болот.

«Факты» басылмасы ондогон адам маршруттук токтотмолордун бирине таңкы жетилер чамасында кол салганын жазды.

XS
SM
MD
LG