Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:57

«Ардактуу турист» болуш үчүн Кыргызстандын он кереметин көрүш керек


Сары-Челек көлү. 29-июль, 2019-жылы тартылган сүрөт.
Сары-Челек көлү. 29-июль, 2019-жылы тартылган сүрөт.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстанда «Ардактуу турист» наамын алууга сынак жарыялады. Бул үчүн өлкөнүн төмөндөгү 10 ажайып жерине барып келиш керек:

1. «Бурана» комплекси;
2. «Өзгөн» комплекси;
3. «Таш-Рабат» тарыхый комплекси;
4. «Сары-Челек» коругу;
5. Манастын күмбөзү;
6. Сан-Таш;
7. Сказка каньону;
8. «Арстанбап» улуттук коругу;
9. «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей-комплекси;
10. «Шах-Фазил» күмбөзү.

Бул тарыхый жана жаратылышы кооз кереметтерди толук көрүп келген жарандарга «Ардактуу турист» наамы ыйгарылат.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, сынакка катышуу үчүн жарандар аталган жерлерден сүрөткө түшүп, сүрөттөрдү министрликтин же туризм департаментинин «Facebook» баракчасына жибериши керек, ошондой эле сүрөттөрдү #УникалдууКыргызстан хештеги менен жеке социалдык тармактардагы баракчаларына жарыяласа болот.

Бул коронавирус пандемиясынын шартында жергиликтүү туризмди өнүктүрүү максатында уюштурулууда.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында Кыргызстанда 1-июндан баштап туризм тармагындагы бардык ишкана-мекемелер иштей баштайт. Алардын ичинде: пансионаттар, ден соолук чыңдоо комплекстери, жаратылыш парктары, пляждар жана башкалар бар. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов 29-майда, брифингде билдирди. Министрдин айтымында, Ысык-Көл облусуна кире бериш постторунда адамдардын дене табы гана текшерилет, андан башка эч кандай тоскоолдук болбойт.

Маалыматка ылайык, учурда санитардык эрежелерди сактоо боюнча туристтик мекемелерге атайын талаптар даярдалууда. Анын ичинде тамак ичүү жайларында, суу жээктеринде адамдардын жайгашуу эрежелери, шезлонгдор ортосундагы аралык жана башкалар бар.

Мурдараак биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов эс алууга жана саякатка кичи автобустар менен барууга тыюу салынарын белгилеген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG