Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

«Лейлек» эркин экономикалык аймагында мунайды кайра иштетүүчү ишкана курулду


«Лейлек» эркин экономикалык аймагындагы мунайды кайра иштетүүчү ишкана. 29-май, 2020-жыл.
«Лейлек» эркин экономикалык аймагындагы мунайды кайра иштетүүчү ишкана. 29-май, 2020-жыл.

Лейлек районундагы «Лейлек» эркин экономикалык аймагындагы алты гектар жерге мунайды кайра иштетүүчү ишкана курулду. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов 29-май күнү ишканага барып, ишмердүүлүгү менен таанышты.

Аталган ишкананын бир айда эки миң тонна мунайды кайра иштетип, 300 тонна бензин, 800 тонна солярка, 1000 тонна мазут өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Келечекте айына 5000 тоннага чейин мунайды кайра иштетүү максаты коюлган.

Өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, бүгүнкү күндө Баткен облусунун Бүргөндү жана Арка массивиндеги мунайдын запасы 1,9 млн. тонна. Бердикулованын сөзүнө караганда, ишкананы куруу жана ишке киргизүү демилгеси жергиликтүү ишкер Нурбек Түркбаевге таандык. Долбоор Кытай жана АКШ тараптан каржыланган. Курулушка 1,5 млн. АКШ доллары жумшалды.

Ишкерлер учурда «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасынын Кайрагач участогунда бир айда өндүрүлгөн 1000 тонна мунайды кайра иштетүүнү көздөп турушат. Мындан тышкары Өзбекстандан жана Тажикстандан да ай сайын 2000 тонна чийки мунай ташып келип кайра иштетүү максаты бар.

Мунайды кайра иштетүүчү ишканага жергиликтүү элден 25% жумушчу алуу милдеттендирилген. Мындан тышкары ишкана толук ишке кирсе мамлекетке жылына 90 млн. сом салык төлөйт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG