Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:54

Мамкаттоо биометрикалык паспорт даярдоо боюнча «Mühlbauer» менен келишим түздү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспортторду даярдоо боюнча германиялык «Мүлбауэр» («Mühlbauer ID Services») компаниясы менен келишим түзгөнүн кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, учурдагы кырдаалга байланыштуу келишим видео конференция аркылуу түзүлдү. Келишим боюнча «Mühlbauer ID Services» алдыдагы үч жыл ичинде биометрикалык паспорттун 1,5 млн. бланкын даярдап берүүгө тийиш.

Бул компания Кыргызстанда биометрикалык паспортторду сатып алуу жана жеткирүү боюнча тендерди 27-апрелде утуп алган.

Тендер ушул жылдын 26-февралында жарыяланып, арызды кабыл алуу 19-мартта аяктаган. Жыйынтыгы 27-апрелде чыкты.

«Мүлбауэр» компаниясы чет мамлекетке чыкканда колдонулуучу паспорттун биометрикалык түрүн чыгаруу боюнча тендерге 2018-жылы да катышкан. Анда литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү деп табылган. Бирок 2019-жылы Жогорку сот тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган. Себеби «Мүлбауэр» ишканасы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

Жыйынтыгында тендер боюнча кылмыш иши козголуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев күнөөлүү деп табылып, аларга акчалай айып салынган.

Кылмыш иши козголгон Мамкаттоонун мурдагы төрайымы Алина Шаикова изин жашырып, ага издөө жарыяланган. Бул чатакта УКМКнын мурдагы төрагасы Идрис Кадыркуловдун да аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Баш кеңсеси Германиянын Родинг шаарында жайгашкан «Muhlbauer ID Services» компаниясы 1981-жылдан бери түзүлүп, 1988-жылдан бери пластиктен жасалган карталарды, документтерди басып чыгаруу жаатында иш алып барат.

Бул компания өз тажрыйбасында 300гө жакын ID долбоорлорду ишке ашырганын жазганы бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG