Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп АКШ Дүйнөлүк саламаттык уюмун (ДСУ) каржылоону токтотуп жатканын билдирди. Ал “ДСУ коронавируска каршы натыйжалуу күрөшө албай койду” деп, муну уюм толугу бойдон "Кытайдын көзөмөлүндө болуп жатат" деген ою менен негиздеди.
Трамп кытай бийлиги өз милдеттенмелерин таптакыр аткарбай, ДСУга жаңы коронавирус канчалык кооптуу экени жөнүндө туура маалымат берген эмес, ал эми уюм ошол маалыматтарга ишенип алган деген оюн билдирди.
Ошону менен катар Трамп АКШнын ДСУнун бюджетине салымы 450 миллион доллар болсо, Кытайдыкы болжол менен 40 миллион доллар экенин эскертти.
Быйыл апрель айында, коронавирус боюнча абал курчуп турганда Вашингтон бул акчаны төлөөдөн баш тарткан.
30-майга карата дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 6 миллионго чукулдады. 362 миң адамдын өмүрү кыйылды. (RK)