Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Орусияда коронавирус жуккандардын саны кайрадан көбөйө баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда коронавирус жуккан адамдардын саны кайрадан көбөйө баштады. Расмий статистикага караганда, мындай көрүнүш соңку эки күндөн бери байкалууда. Ага чейинки көрсөткүчтөр ооруну жугузгандар азая баштаганын көрсөтүп жаткан.

30-майга карата соңку суткада Орусияда вирус 8952 адамдан табылды, 8212 бейтап айыгып чыкты, 181 адам кайтыш болду.

Жалпысынан бул илдет 396 миң 575 адамга жукту, алардын 4555и каза тапты.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 5 миллион 900 миң адам болду, алардын 365 миңи айыгып кете албай, каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG